Бүгүн, 18-январдан 19-январга караган түнү АКШнын Инглвуд шаарында UFC 311 турнири өтөт. Турнирдин негизги титулдук беттешинде орусиялык Ислам Махачев менен армениялык Арман Царукян кез келмек.
Бирок, беттешке бир күн калганда Арман Царукян белинен жаракат алып, октагонго чыга албай турганын жарыялады. Андан бир нече убакыт өткөндөн кийин UFC президенти Дана Уайт Ислам Махачевге жаңы атаандаш жарыялады. Ал башында UFC 311 турниринде америкалык Бенеил Дариуш менен беттеше турган бразилиялык Ренато Мойкано болду.
Белгилей кетсек, Мойкано Махачевге каршы беттешти кыска мөөнөттө кабыл алганына карабастан, беттеш титулдук статусун сактап калат.