Дональд Трамп инаугурациясы өтө турчу жерди алмаштырды

20-январга белгиленген АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурация аземи Вашингтондо ал күнү суук температуранын болжолдонуусунан улам имараттын ичинде өткөрүлөт. Бул тууралуу Трамп социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Божомолдор боюнча, АКШнын борборун катуу арктикалык суук каптап, шамалды эске алуу менен температура рекорддук чекке жетиши мүмкүн. Трамп иш-чарага келгендердин, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жүз миңдеген тарапкерлери, полициянын иттери жана жылкыларынын коопсуздугу жана ден соолугу үчүн коркуп жатканын айтты.

"Мен эч кимге зыян келтиргим келбейт. Эгер келүүнү чечсеңер, жылуу кийингиле!", - деп жазды Трамп.

Акыркы жолу катуу сууктан улам инаугурацияны имараттын ичинде өткөрүү 40 жыл мурун, 1985-жылы президент Рональд Рейгандын экинчи ант берүү маалында болгон. Анда күндүз абанын температурасы -29 градуска жеткен жана уюштуруучулар ант берүү аземин имараттын ичинде өткөрүүгө мажбур болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан