Германиянын тышкы иштер министри Аннален Барбок жана башка немис депутаттары канцлер Олаф Шольцту Украинага дагы үч миллиард евролук аскерий жардам көрсөтүүдөн баш тартканы үчүн сынга алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кеп Киевге 2025-жылдын бюджетинде каралган төрт миллиард евролук жардамга кошумча пакет жөнүндө болуп жатат. Каражат негизинен Украинанын абадан коргонуусу үчүн курал-жарак сатып алууга жумшалышы керек.
Немис маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Шольцтун социал-демократиялык партиясынын көптөгөн мүчөлөрү жана тарапкерлери Орусиянын Украинадагы согушунан чарчашкан жана өлкөнүн бюджетинин тартыштыгын эске алып, курал-жарак жеткирүүгө миллиарддаган каражатты мындан ары да сарпташын каалашпайт.
Учурда Германия Киевге каржылык жана аскердик жардам көрсөтүү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат.