Кыргыз футболчулары "Барселонанын" оюнчулары менен ойнойт

20 жашка чейинкилер арасындагы Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия Кубогуна даярдыктын алкагында дагы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Жолдоштук беттештердин бири атактуу каталондук "Барселона" клубунун жаштар курамасы менен болот. Бул оюн 27-январь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Дагы бир беттеш Аликанте шаарынын "Ориуэла" клубуна каршы болот.

Буга чейин 20 жашка чейинкилер арасындагы Кыргыз курама командасы Испаниянын "Картахена" клубуна каршы ойноп, 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан