Адахан Мадумаровдун уулунун унаасы айып короого киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун уулу Нурмухаммедге Кайгуул кызматкерлери айып пул салды. Видео социалдык тармактарга тарады.

Патрулдук милиция кызматкерлери саясатчынын уулу унааны башка унаага катталган номур менен айдап жүргөнүн аныкташкан. Нурмухаммед Мадумаров бул номур анын атына катталганын жана бардык айыптар баары бир анын атына келерин түшүндүрдү.

"Ар бир унаа үчүн бир гана номур бөлүнгөн жана ал унаада болушу керек", - деди кызматкер Мирлан Таалайбеков.

Мыйзам такталгандан кийин Нурмухаммед Мадумаровго айып пул салынып, унаасы айып жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан