Трамптын инаугурациясынын алдында АКШнын мамлекеттик карызынын суммасы жарыяланды

2025-жылдын январь айынын орто ченинде АКШнын мамлекеттик карызы өткөн жылдын январь айынын ортосуна караганда 7 пайызга жогору болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына таянуу менен билдирди.

Учурда Американын мамлекеттик карызы 36 триллион 174 миллиард долларды түзөт. Бул бир Америка жаранына 106 миң 400 долларды түзөт. Жо Байдендин президенттиги учурунда АКШнын карызы 8 триллион долларга өскөн.

2021-жылы АКШнын карызы 28 триллион долларды түзгөн.

АКШнын мамлекеттик карызы Орусиянын мамлекеттик карызынан 8,3 эсе көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан