Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы Жаман талаа тилкесинде жайгашкан, баасы 44 миллион 150 миң сомдук, жалпы аянты 1,12 гектар болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар "Ысык суу" дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2005-жылдын май айында Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы жараксыз абалга келген деген шылтоо менен аталган объектини "Аккабак-Сулайман Н+" жеке фондуна убактылуу пайдаланууга өткөрүп бергени аныкталган.
Андан кийин убактылуу пайдаланууга гана берилгенине карабастан, "Аккабак-Сулайман Н+" фонду мыйзамдарды бузуу менен аталган кыймылсыз мүлк объектисине менчик укугун кыймылсыз мүлктү каттоо органдарынан каттоодон өткөргөн.
Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан "Ысык суу" заманбап ден соолукту чыңдоо комплексин курууга инвестор тартуу маселеси каралууда.
Белгилей кетсек, минералдык булагы бар "Ысык суу" дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту 1991-жылы нерв, таяныч-кыймыл системасын, боорду, семирүүнү, ичеги-карын ооруларын, тери ооруларын дарылоо үчүн курулуп, пайдаланууга берилген.