Бүгүн, 18-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер менен жолугуп, Камчы Көлбаевдин өлүмүнүн жагдайлары тууралуу айтып берип, аны өлтүрүүгө буйрук бербегенин билдирди.
Анын айтымында, Көлбаевди кармоо учурунда ал ок чыгарган. Мындан улам "Альфа" кызматкерлери ага каршы мыйзам чегинде курал колдонушкан.
"Биздин кызматкерлердин тобу Камчы Көлбаевди Дөө-Чыңгыздын өлүмүнө байланыштуу иликтөөгө алып келиши керек болчу. Бизде анын Дөө-Чыңгыздын өлүмүнө тиешеси бар деген конкреттүү маалыматтар, далилдер бар болчу", - деди Ташиев.
Ал кошумчалагандай, кызматкерлер Камчы Көлбаев ошол учурда турган "Блондер паб" барына келгенде анын куралданган күзөтчүлөрү кызматкерлерди анын жанына киргизбей, тоскоолдук жараткан.
"Альфа" кызматкерлери спорттук чеберчилигин пайдаланып, биздин кызматкерлердин өтүшүнө жолтоо болуп жаткан күзөтчүлөрүн токтотушкан. Ошондон кийин кызматкерлер Көлбаевге өтүшкөн. Ошол маалда ал кабинетинен чыгып, ошол жердеги арткы эшик аркылуу качып кеткиси келген. Анан биздин кызматкерлер кирип келип, ал ок чыгарган. Натыйжада "Альфа" тобунун кызматтык куралы аны токтотуу үчүн колдонулуп, ал жарадар болуп, алар айткандай анан каза болгон", - деди Ташиев.
Камчыбек Ташиев ошондой эле анын буга чейинки жогорку окуу жайдын жетекчилери менен жолугушуу учурунда айтканын кээ бир журналисттер туура эмес кылып таратканын айтты.
"Укук коргоо органдарынын курал колдонуусу боюнча мыйзам бар, анда куралды качан колдонуу керектиги так жазылган, эгерде кызматкердин ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралса, анда алар курал колдонууга жана андан коркпоого милдеттүү. Алар куралчан шектүүгө каршы курал колдонууга милдеттүү. Уюшкан кылмыштуу топтордун жана бандиттердин бардык лидерлери дайыма куралчан жүрүшөт жана коркпостон ал куралын колдонушат. Биздин кызматкерлер куралды туура колдонуп, уюшкан кылмыштуу топтун бул лидерин жок кылышкан. Сөз ушул тууралуу болгон. Кээ бир журналисттер Көлбаевди өлтүрүүгө жеке мен буйрук бергендей кылып бурмалап жазып, таратышты. Бул туура эмес", - деди УКМК башчысы.
Ташиев ошондой эле бир дагы жетекчи өзүнүн функционалдык милдеттерине жана укуктарына ылайык эч кимди өлтүрүүгө буйрук бербей турганын кошумчалады.