Иранда Жогорку соттун эки судьясын атып кетишти

Ирандын борбору Тегерандагы Жогорку соттун алдында атышуу болуп, эки судья набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, судьяларга кол салган адам өз жанын кыйган. Сот бийлиги өлтүрүлгөн соттор Мохаммад Могише жана Али Разини экенин тактады.

"Жогорку соттун үч судьясына кол салуу болду. Алардын экөө каза болуп, бирөө жарадар болду", — деп айтылат сот бийлигинин сайтында.

Сот бийлигинин басма сөз катчысы Асгар Жахангир мамлекеттик телеканалга тапанча менен куралданган адам эки судьянын бөлмөсүнө кирип, аларга ок чыгарганын билдирди. Анын айтымында, эки судья тең улуттук коопсуздукка, анын ичинде тыңчылык жана терроризмге байланыштуу маселелерге көптөн бери аралашкан.

Кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Оппозициялык интернет сайттар каза болгон судьялардын бири буга чейин саясий туткундардын сотуна катышканын жазышты. Бийлик бул окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан