UFC 311: Арман Царукяндын жаракаты тууралуу жаңы маалыматтар белгилүү болду

Дагестандык Ислам Махачев менен титулдук беттешке бир күн калганда баш тарткан UFC мушкери Арман Царукян салмакты азайтуунун финалдык баскычында эмес, UFC 311 турнирине он күн калганда белинен жаракат алган. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Маркос Да Матта билдирди.

"Өткөн шейшембиде, биз акыркы спаррингибизди өткөргөндө, ал бир аз белин кармап жатып калды. Бирок биз бул олуттуу эмес деп эле ойлогонбуз. Машыгуунун аягында дене ушундай сезгич болуп калат. Эки күндүк тыныгуу алдык, ал жакшы эле жүргөн, андан кийин беттеш жумасы башталды, баары сонун болуп жатты. Бирок белиндеги оорусу дагы эле бар болчу. Ал беттешке чыкпоону такыр ойлонгон эмес. Салмак кууй баштаганда жаракаты оорлошту.

Эртеси биз пресс-конференцияга бардык, анан ал дарыгерге көрүндү. Ал ошол убакка чейин беттешкиси келип жаткан. Акыры салмак куу алдында ал тура да, отүра да албай калды. Анан биз дарыгер менен кеңешип, ушундай чечим кабыл алдык", - деген Царукяндын машыктыруучусу.

Арман Царукян менен Ислам Махачев эртең, 19-январга караган түнү UFC 311 турниринде кез келмек. Бирок Царукян белинен жаракат алып, октагонго чыга албай турганын билдирген. Эми Махачев титулдук беттеште бразилиялык Ренато Мойкано менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан