Тель-Авивдин борборунда 19 жаштагы жигит теракт жасады

Израилдин борбору Тель-Авив шаарында террорчу деп шектелген жаран бычак менен бир нече кишини жарадар кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя ишемби күнү Левонтин көчөсүндө болгон. Анда ал көчөдө өтүп бара жаткан эле жарандарды бычактаган. Мындан улам аны курал менен жүрүүгө уруксаты бар жаран атып салган. Укук коргоо органдары муну теракт катары баалады.

Шектүү Израилдин аймагына мыйзамсыз кирген Палестинанын Тулькарма шаарынын 19 жаштагы тургуну экени айтылды.

"Укук коргоо органдары окуяны мүмкүн болгон теракт катары баалап, кол салган адам мыйзамдуу курал менен жаранды ошол жерден атып салганга чейин жанындагыларды жарадар кылууга аракет кылганын кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан