Нетаньяху керек болсо Газада согушту кайра баштаарын эскертти

Израил зарыл болсо Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын кайра баштоо укугун өзүнө калтырат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзүнүн социалдык түйүндөрүндө жарыяланган видео кайрылуусунда билдирди.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мен бир нече принциптерди аныктадым. Биринчи принцип – зарыл болгон учурда согуштук аракеттерди кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн сактоо", - деди саясатчы.

Ал палестиналык ХАМАС кыймылы барымтадагы израилдиктерди бошотуу үчүн Израилден "согушту алдын ала токтотууну" талап кылганын тактады.

"Мен бул шарттарды кескин түрдө четке кактым жана менин позициям кабыл алынды", - деп кошумчалады Нетаньяху.

Ошол эле кайрылуусунда Израилдин премьер-министри мындай кадамдарды Америка лидери Жо Байден жана АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп колдоого алганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан