UFC 311: Ислам Махачев атаандашын биринчи бөлүктө эле жеңди (видео)

Бүгүн, 19-январда АКШнын Лос-Анжелес шаарында UFC 311 турнири болуп өттү.

Турнирдин негизги беттешинде орусиялык Ислам Махачев менен бразилиялык Ренато Мойкано кез келди. Беш раундга пландалган беттеш биринчи бөлүктө эле орусиялык мушкердин пайдасында аяктады. Ал атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

Муну менен Ислам Махачев карьерасындагы 27-жеңишине ээ болуп, төртүнчү ирет чемпиондук наамын коргоду.

Эске салсак, Ислам Махачевдин атаандашы алгач армениялык Арман Царукян болушу керек болчу. Бирок ал белинен жаракат алып, беттешке чыга албай турганын жарыялаган..

Махачев атаандашын биринчи бөлүктө эле жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан