Жеңил салмакта учурдагы UFC чемпиону Ислам Махачев Хабиб Нурмагомедов Умар Нурмагомедовдун карьерасындагы алгачкы жеңилүүсүнө кандай реакция кылганын айтып берди.
"Умардын беттешинен кийин Хабиб кандай сезимде болду? Чынын айтайын, албетте абдан капа болду Ал кийим алмаштыруучу бөлмөгө кирип бара жатып, маанайы жок гана мага өзүмдүн беттешиме көңүл буруум керек экенин айтты. Азыр ал Умар менен ооруканага кетти", - деди Ислам Махачев пресс-конференцияда.
Беттештен кийин Умар Нурмагомедов биринчи бөлүктө манжасын сындырып алганын айткан.
Эске салсак, бүгүн, 19-январда АКШда өткөн беттеш беш раундга чейин созулуп, калыстардын бир добуштан чечими менен Двалишвилинин жеңиши менен аяктаган. Муну менен Умар Нурмагомедов карьерасындагы алгачкы жеңилүүсүн тартса, Двалишвили чемпиондук наамын коргоп калды.