Футзал боюнча кыз-келиндер арасындагы Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Индияга каршы ойноду.
Оюн бүгүн, 19-январда Жакарта шаарында өтүп, 4:3 эсебинде улуттук кураманын пайдасында аяктады.
Кыргыз курамасынан голдорду Айжан Боронбекова, Нурсулуу Мурзакулова жана Назик Күмүшбек кызы киргизди.
Бирок, тилекке каршы Кыргыз курамасы Азия Кубогуна жолдомону камсыздай алган жок. Себеби буга чейин Индонезия менен Гонконгго жеңилип калган.