Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев БАЭде өткөн саммитте Англиянын "Манчестер Сити" клубунун кожоюну менен өзбекстандык жаш футболчу Абдукодир Хусанов тууралуу сүйлөштү. Андагы видео социалдык тармактарга тарады.
Анда "Манчестер Ситинин" кожоюну таланттуу футболчуну тарбиялаганы үчүн өзбек элине ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, Абдукодир Хусанов Франциянын "Ланс" клубунан "Манчестер Ситиге" 40 миллион еврого өткөн. 20 жаштагы өзбекстандык оюнчу жаңы клубунда 45-номер менен ойной турганы белгилүү болду.