АКШнын президенти Жо Байден Ак үйдөн кетээр алдында жарандык активист Маркус Гарвиге өлүмдөн кийин ырайым кылды. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.
Белгилүү болгондой, Гарви мындан 85 жыл мурун каза болгон, ал штаттарда кара терилүү адамдардын укуктары үчүн кыймылды түзгөндөрдүн бири болгон.
Ак үйдүн билдирүүсүндө, 1923-жылы почта алдамчылыгы үчүн соттолгон Гарвиге кечирим берүү анын адилетсиз соттолгонун белгилейт.
Гарви менен бирге камактагы дагы төрт активистке мунапыс берилген.
Мындан тышкары, куралдуу зомбулуктун алдын алуу боюнча жактоочу Даррил Чемберс, иммигранттардын адвокаты Рави Рагбир жана эки юрист кечирилди. Байден ошондой эле 111 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан эркек менен өмүр бою эркинен ажыратылган аялдын жазасын жеңилдеткен.