Казакстандын бир катар аймактарында картошканын баасы кескин көтөрүлүп кеткендиктен, өкмөт үчүнчү өлкөлөргө картошка экспортун алты айга чектөөнү чечти. Бул тууралуу казак өкмөтү маалымдады.
Казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министрдин тапшырмасы менен Айыл чарба, соода жана интеграция министрликтери өлкөнүн картошка рыногунда түзүлгөн кырдаалга тынымсыз мониторинг жүргүзүүдө.
"Коңшу өлкөлөрдөн, өзгөчө Өзбекстандан суроо-талаптын көбөйүшүнө жана экспорттук баанын жогору болушуна байланыштуу быйыл картошканын экспорту 1,5 эсеге көбөйүп, 411 миң тоннадан 605 миң тоннага чейин өстү. Шашылыш суроо-талап ички рынокко таасирин тийгизди", - деп жазылат казак өкмөтү тараткан билдирүүдө.
Мындан улам Казакстанда 18-январдан тарта картошканы экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген.
Казакстандын аймактарында картошканын килограммы 380-400 (68 сом) теңгеге чейин көтөрүлгөн. Эң жогорку баа Астанада. Борбор шаардын тургундар бир килограмм картошканы 455 теңгеге (77 сом) алышууда.