Кеминде кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясы салынат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүйдүн Кемин районунда жаңы күн электр станциясынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кубаттуулугу 100 МВт болгон күн электр станциясы жылына 155 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу менен көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Ал эми бул күн электр станциясын курууда 500гө жакын жумушчу орун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Касымалиев кытайлык өнөктөштөргө, Шэньси провинциясынын өкмөтүнө жана инвесторлорго эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле энергетика тармагындагы Камбар-Ата-1 ГЭСи, Куланак ГЭСи, Бала-Саруу ГЭСи жана башка ондогон чакан ГЭСтердин курулушу сыяктуу башка ири долбоорлорду да эске салды. Өкмөт башчы биргелешкен күч-аракет менен өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүү мүмкүн болоруна ишеним билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан