Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 22-январда Бишкек — Ош унаа жолунун "Төө-Ашуу" ашуусунда түшкөн кар көчкү тууралуу маалымат берди.
Алдын ала маалымат боюнча, саат 18:04 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 132-чакырымында 2 жерге көлөмү болжол менен 3500 м3 кар көчкү түшкөн. Кар көчкү 6 жеңил унааны жана 1 Спринтер унаасын басып калган. Анын ичинен 1 жеңил унааны кар көчкү толук басып калган.
Куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган унаадан 4 адамды чыгарышып, эс учун жоготкон 1 аялды Тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу "Арал" жана "Сосновка" постторунда жеңил унааларга чектөө киргизилген.