Москва Украина үчүн тынчтык шарттарын жарыялады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу юридикалык жактан милдеттүү келишимдерди түзүү аркылуу гана мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында айтты.

Лавровдун айтымында, ок атышууну токтотуу келишимдери юридикалык жактан милдеттүү болуп, аларды бузуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышы керек. Ал бул келишимдерге эмнелер кирерин тактаган жок.

"Биз украин жаңжалынын тегерегиндеги кырдаалды талкууладык. Анда биз "атайын операцияда" коюлган максаттарга жетүү боюнча ойдон кайтпасыбызды белгиледик. Кризис анын себептерин жоюу менен чечилет. Ансыз чыр-чатакты токтотуу мүмкүн эмес. Муну Европада гана эмес, АКШда да түшүнө баштады. Кеп бузууга болбой турган механизмдер бекитилген ишенимдүү, юридикалык жактан милдеттендирген келишимдер туурасында", - деди Лавров.

Украинанын президенти Владимир Зеленский буга чейин Украина НАТОго жарым-жартылай кошулуп, аскердик жардам ала берсе, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин билдирген. Бирок ал Киев өзүнүн аймактарынан – Крым, Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарынан баш тартпай турганын баса белгилеген. Зеленский аларды согуштук аракеттер аяктагандан кийин дипломатиялык жол менен кайтарса болот деп эсептейт.

Орусия референдумдун жыйынтыгына таянып, 2014-жылы Крымды, 2022-жылы Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймактарын аннексиялап алган. Украина жана Батыш өлкөлөрү бул референдумдарды тааныбай, аннексия деп аташкан.

Орус президенти Владимир Путин жаңжал Украинанын НАТОго кирүү каалоосунан улам башталганын билдирген. Сүйлөшүүлөрдүн шарттарынын арасында ал Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүү, бул аймактарды Орусиянын бир бөлүгү катары таануу, Киевдин НАТОго кирүү каалоосунан баш тартуу жана орус экономикасына киргизилген санкцияларды алып салууну атаган. Зеленский бул талаптарды четке каккан.

22-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүдө Путин Украинадагы тынчтык узак мөөнөттүү болушу керектигин жана Орусиянын кызыкчылыгын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан