Каракол – Эңилчек унаа жолу 26-январга чейин жабылды

Каракол – Эңилчек унаа жолу 26-январга чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 18:00дөн тарта кар жаап, бороон болуп, айрым тилкелерде күрткү пайда болгондуктан, 76-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан жолду жабууга туура келген.

Каракол – Эңилчек каттамынын 38-112-чакырым аралыктары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында жабылып, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан