Бүгүн, 24-январда Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Жаңы-Арык айылында 275 орундуу жалпы орто билим берүү мектебинин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, №35 Шамшидин Сүйөркулов атындагы жаңы мектептин курулушу 2023-жылдын март айында башталган. Буга чейин окуучулар эскилиги жеткен имаратта билим алууга аргасыз болушкан.
Анын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, айыл тургундары катышты. Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова мектепке заманбап үлгүдөгү 2 даана телевизор, проектор жана интерактивдүү доска тапшырды.