Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын качкын президенти, Москва мамлекеттик университетинин профессору Аскар Акаевге Орусиянын илимине эмгек сиңирген ишмер наамын ыйгарды. Бул тууралуу Риа Новости жазды.
"Россия Федерациясынын илимине эмгек сиңирген ишмер" ардак наамы техника илимдеринин доктору, профессор, М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Математикалык татаал системаларды изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери Аскар Акаевге ыйгарылсын", — деп жазылган жарлыкта.