Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты
Орусия жакын арада Африканын үч өлкөсүндө элчиликтерин ачат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова брифингде билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазды.
Маалыматка караганда, Нигер, Сьерра-Леоне жана Түштүк Суданда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн расмий ачылышы пландалууда.
Захарова 1992-жылы токтоп калган иш-аракеттерди калыбына келтирүү жөнүндө сөз болуп жатканын белгилеп, ошол учурда бул каржылык себептерден улам болгонун кошумчалады.
Былтыр ноябрда президенттин кеңешчиси Антон Кобяков Экватордук Гвинеяда, Нигерде, Сьерра-Леонеде, Түштүк Суданда, ошондой эле Гамбияда, Либерияда, Комор аралдары союзунда жана Тогодо элчиликтерди ачуу планын жарыялаган.