Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айыл өкмөтүндөгү 9,4 гектар жер аянты жана Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнө караштуу 300 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылып алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалымдалгандай, жалпы баасы 10 миллион 893 миң сомду түзгөн 9,43 гектар жер тилкелери жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөнү аныкталган.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилет.