Бишкектин четиндеги Лебединовка айылында 29-январда саат 09:00дөн 24:00гө чейин таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкекк мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Лермонтов, Жеңиш проспектиси, Чоң Чүй каналы (күн чыгышты көздөй), Садовый, Ленин, Гражданский көчөсү менен түндүктү көздөй ЧЧКга чейин, Энергетиктер шаарчасынын түндүк тарабындагы көчөлөрү менен чектешкен аймактарда ичүүчү сууну берүү токтотулат.
"Бишкек суу канал"ишканасы ичүүчү сууну өчүрүү шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экенин белгилеп, тургундардан сууну эртелеп камдап алууну суранды.