Бүгүн, 25-январда футбол боюнча Англия чемпиондугунун алкагында "Манчестер Сити" клубу өз үйүндө лондондук "Челси" клубун кабыл алууда.
Бул оюнда "Манчестер Ситиге" аз гана убакыт мурун кошулган коңшу өзбекстандык Абдукодир Хусанов негизги курамда чыкты. Ал оюн башталгандан эки мүнөт өтпөй эле орой катага жол берди. Тагыраагы башы менен дарбазачыга пас берем деп жатып ката кетирип, жыйынтыгында лондондук команда эсеп санын ачты.
Арадан эки мүнөт өтпөй Хусанов дагы ката кетирип, аз жерден экинчи гол жаралып кала жаздады. Калыс эреже бузганы үчүн өзбек футболчусуна сары айып кагазын көрсөттү.