Өзбекстандык шахматчы атаандашы кыз болгону үчүн кол алышуудан баш тартты

Нидерландыда өтүп жаткан шахмат боюнча эл аралык турнирде коңшу өзбекстандык шахматчы Нодирбек Якуббоев индиялык шахматчы Рамешбабу Вайшали менен оюн башталар алдында кол алышуудан баш тартты.

Адатта спортчулар оюн башталар алдында шарттуу кол алышат. Бирок өзбек спортчусу индиялык атаандашы колун сунганына карабай кол алышкан эмес. Кийинчерээк өзбекстандык шахматчы диний себептерден улам аяялдар менен кол алышпай турганын айтып, индиялык спортчудан кечирим сураган.

Белгилей кетсек, Нодирбек Якуббоев менен Рамешбабу Вайшали беттеши 32 жүрүш менен аяктап, индиялык шахматы жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан