Түркиянын Алания шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу мейманканадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө биринчи аракет окуяга күбө болгондор тарабынан жасалган.
Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо окуя болгон жерден кара түтүн көтөрүлүп, асманды каптаганын көрүүгө болот. Окуяга күбө болгондордун айтымында, 12 кабаттуу имаратта жумушчулар болгон. Өздөрүн куткаруу үчүн алар балконго чыгышкан.
Жерине куткаруучулар келип, адамдарды куткарышты. Бирок өрт өчө элек.
Өрт ширетүүчү аппараттын иштешинен келип чыкканы белгилүү болду.