UFC: Ислам Махачев алдыдагы атаандашы ким болорун айтты

UFC уюмунун жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Ислам Махачев америкалык мушкер Жастин Гэйтжи менен беттешүүгө кызыкдар жана июлда кайтып келүүнү пландоодо. Бул тууралуу "Чемпионат" басылмасы жазды.

"Мага бул идея жакты, анткени мен Жастин Гэйтжи менен беттеше элекмин. Мен буга чейин Оливейра жана Арман менен беттешкем, алар үчүн кайра машыгуу анчалык деле мотивация бербейт. Эгерде Гэйтжи алдыдагы беттеште жеңишке жетсе, анда биз рингде жолугабыз", - деген Махачев.

Белгилей кетсек, Гэйтжинин жаңы зеландиялык Дэн Хукер менен беттеши 8-мартта Лас-Вегаста UFC 313 турниринде өтмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан