"Дельфин" олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Кыска убакыттын ичинде дубалдар жаңыртылып, жер төлөдөгү түтүктөр алмаштырылды, жаңы электр зымдары орнотулуп, жарыктандыруу жана шып толугу менен жаңыланган.
Ошондой эле спортчулар үчүн машыгуудан кийин маанилүү экендиги эске алынып душ кабиналары жаңыртылды — азыр алар заманбап жана колдонууга ыңгайлуу.
Эми "Дельфин" спортко кызыккан бардык жаштар үчүн эшигин ачууга даяр. Жарык жана жаңыланган залдар жаш спортчуларды жана сергек жашоого кадам таштоону каалагандарды күтөт.