"Мээлери шишип". Индияда табышмактуу оорудан кеминде 16 адам каза болду

Индияда белгисиз оорудан кеминде 16 адамдын мээлери шишип, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондор Жамму жана Кашмир штаттарында катталган. Маркумдардын баары үч үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

Жалпысынан 38 адам илдетке чалдыккандардын тизмесинде. Алардын бардыгында бирдей симптомдор бар: ысытма, жүрөк айлануу, алсыздык. Ала эми каза болгондордун бардыгынын мээлери шишиген.

Мындан улам Индия бийлиги Жамму жана Кашмир штаттарында карантин жарыялады. Ошондой эле жергиликтүү калкка массалык иш-чараларды өткөрүүгө жана катышууга тыюу салынган. Мындан тышкары, жергиликтүү калк жеген бардык тамак-аштарды текшерүү үчүн кызматкерлер дайындалды.

Белгисиз оорудан каза болгон маркумдардын үйлөрү жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан