Украинада мурдагы президент Пётр Порошенконун уулу Алексейдин үй-мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу украиналык Insider басылмасы жазып чыкты.
"Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдын 56-беренесинин негизинде карызкорго тиешелүү бардык мүлктү камакка алууну буйруйм', - деп айтылат Украинанын Юстиция министрлигинин документинде.
18-январда Украинанын мурдагы президенти Пётр Порошенконун уулу Алексей аскерден качкан деп табылып, ага 610 доллар айып салынган.
Эми Порошенконун уулу карызын 15 күндүн ичинде төлөбөсө, сумма эки эсе көбөйтүлүп, күч менен өндүрүлөт. Украин басылмаларынын маалыматы боюнча, Украинанын мурдагы президентинин эки уулу тең учурда Лондондо жашайт.