Бүгүн, 29-январда Ленин РИИБи Бишкектин Интергельпо көчөсүндөгү таштандыдан мектеп окуучулары ымыркай таап алганын маалымдаган.
Мындан улам SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барып, күбөлөрдөн окуя тууралуу сурады. Окуя болгон жерге барганыбызда 14 жаштагы балдар тоңуп калган ымыркайды, таштанды ичинен алып жылуу күлгө жаткырып, кездемелерди ороп, “Тез жардамга” өткөрүп беришкен.
Күбөлөрдүн айтымында, окуя таңкы 07:30 чамасында болгон. Учурда наристе ооруканада. Баланын энесин издөө иштери жүрүүдө.
Окуя тууралуу толугу менен видеодон көрүңүз.