Америкалык спортчуну Вашингтондогу учак кырсыгынан ити сактап калды

Америкалык көркөм муз тебүүчү Жон Маравилла Вашингтондо тик учак менен ссүзүшкөн учакка итинин айынан отура албай калган. Бул тууралуу спортчу өзү РИА Новости басылмасына билдирди.

Анын айтымында, ал ити менен чогуу кырсыкка кабылган Bombardier CRJ700 учагына отурмак. Бирок, авиакомпаниянын кызматкерлери спортчунун итикөлөмдүү болгондуктан аны учакка отургузуудан баш тартышкан. Жыйынтыгында ал унаа менен кеткен.

АКШдагы кырсык бүгүн, 30-январга караган түнү Рейган эл аралык аэропортуна жакын жерде болгон. Анда Bombardier CRJ700 учагы аскердик тик учак менен кагылышкан. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, кагылышуудан улам учак экиге бөлүнүп, Потомак дарыясына кулап түшкөн. Куткаруучулар 18 адамдын сөөгүн суудан алып чыгууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан