Вашингтон шаарында кыйраган учактан каза болгон 28 адамдын сөөгү суудан табылып, тирүү калгандарды издөө иши токтотулду. Бул тууралуу Вашингтондун өрткө каршы жана тез жардам кызматынын башчысы билдирди.
Кыйраган учактагы жүргүнчүлөрдүн арасында америкалык көркөм муз тебүүчүлөр (көпчүлүгү түбү орусиялыктар), ошондой эле бир нече орус жарандары болгон.
Авиакомпания учакта болгондордун тизмесин жарыялаган жок.
Айрым жансыз денелер толкун менен жээкке чыгып жатат.
АКШдагы кырсык бүгүн, 30-январга караган түнү Рейган эл аралык аэропортуна жакын жерде болгон. Анда Bombardier CRJ700 учагы аскердик тик учак менен кагылышкан. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, кагылышуудан улам учак экиге бөлүнүп, Потомак дарыясына кулап түшкөн. Куткаруучулар 18 адамдын сөөгүн суудан алып чыгууга жетишти.