Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун маалымат катчысы Ильман Вахидов чечен лидеринин дайынсыз жоголушу тууралуу кептерге жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анда Вахидов республиканын башчысы учурда эс алууда экенин, ал үй-бүлөсү менен көбүрөөк убакыт өткөрп жатканын, бирок дайыма байланышты кармап турганын билдирди.
"Кадыров жыл сайын эс алууга чыгат. Ал учурда эс алууда, бирок ошол эле учурда бардык кызматтар менен байланышта", - деген Вахидов.
Ал кошумчалагандай, учурда бир катар ыйгарым укуктар республика башчысынын милдетин аткаруучу Магомед Даудовго өткөрүлүп берилген.
Буга чейин Чеченстандын улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев Кадыровдун маалымат мейкиндигинен жоголуп кеткени тууралуу кабарларды ушак-айың деп атаган.