Вашингтондо кыйраган Black Hawk тик учагынын учкучу тик учактагы экипаждын аздыгынан улам American Airlines жүргүнчү учагын көрбөй калган. Мындай пикирин Fox News каналында мурда ошол эле тик учакты башкарган АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дарин Гоб билдирди.
Мурдагы аскер кызматкеринин айтымында, Black Hawk тик учагын коопсуз башкаруу үчүн төрт кишиден турган экипаж керек. Ал белгилегендей, кырсык болгон учурда тик учакта үч гана экипаж мүчөсү болгон.
"Артында адатта эки капитан болот. Экөө тең алдыңкы эки учкучка 90 градус бурчту жана капталдарды карап берип турушат", - деген ал.
Мурдагы аскер кызматкери ошондой эле тик учак башка учак менен кагылышпоо үчүн талап кылынган бийиктиктен ашып кетиши мүмкүн деп божомолдогон.
"Эгер алар өтө бийик көтөрүлүшсө, ошол траекториядагы учак менен кагылышышы толук мүмкүн болчу", - деген ал бул учак кырсыгынын бир гана мүмкүн болгон сценарийи экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, 30-январда АКШнын борбору Вашингтон шаарында учак кырсыгы катталган. Жүргүнчү ташыган учак 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө конуп жатып тик учак менен кагылыша кетип, Рональд Рейган атындагы аэропортко жакын жердеги Потомак дарыясына кулап түшкөн. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгон.