Сирияда Башар Асаддын аталаш бир тууганы кармалды

Сириянын жаңы бийлиги мурдагы президент Башар Асаддын аталаш тууганы Атеф Нажибди кармады. Бул тууралуу Syria TV телеканалы билдирди.

"Нажиб Сирия элине каршы кылмыштарга катышкандардын бири катары каралат жана бул кадамы үчүн Сирия элине каршы мыйзам бузууларга катышкан деген шек менен жоопкерчиликке тартылат", - деген Латакия провинциясынын коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы, подполковник Мустафа Кнефати.

Атеф Нажиб Латакияда кармалган. Ал Башар Асаддын тушунда Сириянын түштүгүндөгү Дараа провинциясында саясий коопсуздук департаментинин башчысы кызматын ээлеген.

2024-жылдын 8-декабрында куралдуу сириялык оппозиция Дамаскты көзөмөлгө алганын жана Асаддын режими кулатылганын жарыялаган. Мурдагы президент Башар Асад Орусиядан саясий башпаанек алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан