Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун уулу Ахмат Кадыров UFC мушкери Хамзат Чимаевдин социалдык тармактагы акыркы билдирүүсүнө реакция кылды.
Анда Чимаев БАЭ жарандыгын алганын айтып, жаңы паспортун көрсөттү.
"Бул кооз өлкөнүн атынан спортчу катары да, жаран катары да чыгуу мен үчүн чоң сыймык. Мен БАЭге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана бул өлкө мени менен сыймыктанышы үчүн колдон келгендин баарын жасайм", - деп жазган Чимаев Instagram баракчасына.
Ахмат Кадыров Хамзат Чимаевдин сөзүн кубаттап, спортчунун билдирүүсүнө "лайк" басып, реакция калтырды.