Бет капчан адам өрттөн үй-бүлөсүн жоготкон балага үй алып берди (видео)

Коңшу Казакстанда бет капчан адам өрттөн улам атасын жана үч бир тууганын жоготкон Стас аттуу 16 жаштагы балага үй алып берди.

Стастын айтымында анын көзү жакшы көрбөйт. Бир нече күн мурун анын үйүнөн өрт чыгып, атасы, 18 жаштагы эжеси, 13 жаштагы карындашы , 10 жаштагы иниси жана 7 жаштагы дагы бир карындашы каза болгон.

"Эжем менен инимди шаарга окууга алып кетейин дегем. Менде эми андай мүмкүнчүлүк жок. Апам дагы жети жыл мурда каза болгон. Эми жалгыз калдым", - деген Стас.

Беткапчан адам ал жалгыз эмес экенин айтып, көзүн дарылатууга каражат берди. Ошондой эле бет капчан адам Стаска жаңы батирдин ачкычын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан