Израилдин Хадера шаарына жакын жерде Алмог Атар аттуу суу астындагы балык уулоо ышкыбозуна акула кол салды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып, андагы видеону жүктөдү.
Анын айтымында бул 75 жылдан бери акула адамга кол салган алгачкы учур. Видеодон көрүнгөндөй, акула балыкчыны бир нече жолу айланып, андан кийин жакындап келип кол салган. Балыкчы акуладан суу астындагы куралы менен коргонуп, андан кийин кайыгына чыгууга жетишкен.
Балыкчы акула тор баштыкка түшкөн балыктын канына келгенин билдирди.