"Манчестер Сити" өзбек футболчусу тууралуу жакшы кабар менен бөлүштү

Жакында эле атактуу "Манчестер Ситиге" кошулган коңшу өзбекстандык футболчу Абдукодир Хусанов Англия чемпиондугунун 24-турдук оюнунун алкагындагы лондондук "Арсеналга" каршы оюнга катышат.

"Манчестер Ситинин" басма сөз кызматы Хусановдун машыгуудан түшкөн акыркы сүрөтүн жарыялап, "Абдукодир Хусанов дем алыш күндөрү "Арсенал" менен беттешке барууну көздөп жатат" деп жазды.

Клуб ошондой эле өзбек футболчусуун жана башка жаңы келгендердин командага ыңгайлашуусундагы прогрессти белгилейт: "Ситинин жаңы оюнчулары командага кантип көнүп жатканын көрүү абдан жакшы".

Эске сала кетсек, Абдукодир Хусанов "Манчестер Ситинин" курамында "Челси" менен болгон беттеште дебют жасаган. Анын дебюттук оюну ийгиликсиз болгон. Тагыраагы, 3-мүнөттө ката кетирип, атаандаштары гол киргизип кеткен. Арадан 1 мүнөт өткөндөн кийин сарып айып кагазын алып, экинчи бөлүк башталганда алмашууга кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан