Япониянын Яшио шаарында куткаруучулар төрт күндөн бери жүк ташуучу унаасы жолдогу чуңкурга түшүп кеткен айдоочуга жете албай жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
74 жаштагы айдоочу шейшемби күнү унаасы менен туурасы 40 метр, тереңдиги 15 метрдей чуңкурга түшүп кеткен. Айдоочу кулагандан көп өтпөй куткаруучулар менен сүйлөшкөн, бирок акыркы сааттарда ал белги бербей калган.
Куткаруучулар айдоочу тирүү же каза болгонун билбей жатышат. Куткаруучулар чуңкурга дронду да учурушкан, бирок ал алар күткөн маалыматты берген эмес.
Чуңкурдан 200 метр аралыкта жашаган бардык жашоочуларга убактылуу канализация колдонбой туруу буйругу берилди.