TikTok платформасы Казакстандын Маданият жана маалымат министрлигинин кайрылуусунан кийин орус улутундагыларга карата адепсиз сөздөрдү камтыган “Йоу орустар” ырын өчүрдү. Бул тууралуу Казакстандын маданият жана маалымат министринин орун басары Евгений Кочетов билдирди.
Кочетов министрлик мындай кайрылууларды бир катар интернет-ресурстардын жана онлайн платформалардын администрацияларына жөнөткөнүн айткан.
"TikTok онлайн платформасынын администрациясы тарабынан мыйзамсыз контентти алып салуу боюнча чаралар көрүлдү", - деген Кочетов.
Анын айтымында, ыр 22 чет элдик интернет-ресурста жана TikTok, YouTube, ВКонтакте социалдык тармактарына тараган.
"Бардык аныкталган материалдар боюнча чараларды көрүү үчүн интернет-ресурстардын жана онлайн платформалардын администрацияларына билдирүүлөр жөнөтүлдү", - деп кошумчалаган ал.
21-январда Алматы полициясы улуттар аралык кастыкты козутуу белгилери менен “Йоу орустар” ырын интернетке жайгаштырган казакстандык блогер Темирлан Енсебекти кармаган.
Ырда орус улутундагыларга багытталган уят сөздөр камтылган. Блогер өзү ырдын автору эмес. Ырдын автору полиция тарабынан изделүүдө.