"Дикий Арман" түрмөдө өзүнө кол салды

Казакстандагы башаламандыктарды уюштурган деп 20 жылга эркинен ажыратылган Арман Жумагелдиев (Дикий Арман) түрмөдө колун кесүүгө аракет кылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Казакстандын Жаза аткаруу комитети бул маалыматты тастыктаган. Комитет "Дикий Арман" жеңил жаракат алганын билдирген.

"Бул соттолуучу өзүнө жеңил жаракат келтирген. Ага дароо медициналык жардам көрсөтүлдү жана ден соолугу канааттандырарлык. Соттолуучу мекеменин психологдору тарабынан атайын көзөмөлгө алынып, профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдирген Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитети.

Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

Эске салсак, 27-январда Казакстанда сот 2022-жылдагы кандуу Январь окуялары боюнча Арман Жумагелдиевди кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кескен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-02-02 00:18:00
анда чындап дикий экенсиң арманың жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан