Гаагада тогуз мамлекеттин өкүлдөрү Палестинаны колдоо боюнча "Гаага" тобун түзүп, биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу Боливиянын тышкы иштер министрлиги билдирди.
Топко Белиз, Колумбия, Куба, Гондурас, Малайзия, Намибия, Сенегал, Түштүк Африка Республикасы жана Боливия өлкөлөрү кирген. Алар эл аралык укуктун жана адилеттиктин сакталышын жакташат. Ошондой эле катышуучулар кол койгон документте Палестинанын оккупацияланган аймагында кылмыш жасагандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча Эл аралык кылмыш сотунун чечимин колдой тургандыктарын белгилешти.
"Гаага" тобу Израилдин Палестинадагы мыкаачылыктарын токтотууну камсыз кылууну ниеттенүүдө. Катышуучулар палестиналыктардын өз тагдырын өзү чечүүгө жана көз карандысыз мамлекетке болгон укугун урматтоого чакырышат.
Ошондой эле "Гаага" тобу башка өлкөлөргө кошулуу сунушу менен кайрылышкан.