Футбол: Нидерландылык клуб 12 футболчу менен ойноду. Калыс байкаган эмес

Футбол боюнча Нидерланды чемпиондугунда кызыктай окуя болду.

Тагыраагы, "Херенвен" клубу өз үйүндө "Фортуна" клубун кабыл алып, беттеш 2:2 эсебиде тең чыгуу менен аяктады.

Беттештин негизги убактысы аяктап калган маалда "Херневен" 2:1 эсебинде алдыда келе жаткан. Бирок кошумча убакыт кошулганда "Фортуна" клубу эки алмаштыруу жасаган. Анда алмашууга кетчү футболчу талаадан чыккан эмес жана "Фортуна" 12 футболчусу менен 1 мүнөттөй талаада ойноп, бурчтан чыгарып берүүнү иштеп тапкан.

Калыс ашыкча оюнчуну байкап, аны оюндан четтеткен. Бирок, дал ошол бурчтан чыгарып берүүнү "Фортуна" командасы голго айланткан.

Жыйынтыгында оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан