Германиянын мурдагы президенти каза болду

Германиянын мурдагы президенти Хорст Кёлер 81 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кёлер 31-январь күнү таңга маал кыска мөөнөттүү катуу оорудан кийин каза болду.

Кёлер алгач 2004-жылы Германиянын президенти болуп шайланып, 2010-жылга чейин бул кызматты ээлеп, андан кийин күтүүсүздөн отставкага кеткен.

Хорст Кёлер Германиянын башчысы болуп иштегенге чейин Эл аралык валюта фондун жетектеген. 2017-жылы ал БУУнун Башкы катчысынын Батыш Сахара боюнча талашты чечүү боюнча жеке өкүлү болуп дайындалган. 2019-жылы Хорст Кёлер ден соолугуна байланыштуу бул кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан